Көк бөрү: "Өзгөн" командасы "Бакай-Атаны" жеңип, Биринчи Лигада 3-орунду ээледи

Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турнири уланууда. Бүгүн, 8-май күнү командалар мелдештин 3-4-орундары үчүн ат салышып жатат. Анын жүрүшүндө Ош облусунун "Өзгөн" командасы Талас облусунан келген "Бакай-Ата Дөөлөт" командасын 2:0 эсебинде жеңип, Биринчи лигада 3-орунду ээледи.

Командага жеңиш алып келген салымдарды "Өзгөндүн" катарынан Адилет Баатырбек уулу менен Акынбек Бакыт уулу таштады.

Белгилей кетсек, "Өзгөн" командасы тайпалык баскычта "Кыраанды" 4:2 эсебинде, "Токтогулду" 10:1 эсебинде жеңип чыккан.

Ал эми чейрек финалдык баскычта "Ийгилик" командасын 3:1 эсебинде утса, жарым финалда "Алайга" 6:1 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан