Кыргызстанда алгачкы жолу оркестр коллективдеринин сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Улуттук тарых музейинин алдында жети дубандын оркестр коллективдеринин катышуусунда сынак өткөрүлүп, иш-чараны 600гө жакын өнөр адамдарынын концерттик программасы коштоду.
Программанын алкагында байге фонду миллион сомду түзгөн сынактын жыйынтыгы аныкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов өлкө тарыхында алгачкы жолу тушоосу кесилген сынак эми жыл сайын өтө турганын белгилеп, байге фонду кеңейе турганын билдиргени маалымдалат.