Бүгүн, 8-майда Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалымат ылайык, шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа менен бирге Бишкекке АФКнын башкы катчысы Датук Сери Виндзор Джон, башкы катчынын орун басары Вахид Кардани жана башка бир катар иш адамдары келишти. Атайын делегацияны эл аралык "Манас" аэропортунан Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков жана башкы катчы Нурдин Букуев тосуп алды.
Иш сапардын жүрүшүндө шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа жана Датук Сери Виндзор Джон борбор калаада Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги менен расмий жолугушуу өткөрүп, кыргыз футболун өнүктүрүүгө байланышкан суроолор талкууланары айтылды.
Белгилей кетсек, шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа буга чейин Кыргызстанга 3 ирет келип кеткен. Ал Бахрейн королдук үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп саналат.