"Достук" командасы Улуу жеңиш майрамына арналган көк бөрү турниринде 3-орун үчүн болгон беттеште "Ала-Тоо" командасын жеңип алды. Жогорку лиганын алкагындагы чечүүчү оюн 3:1 эсебинде "Достуктун" жеңиши менен аяктады.
Оюндагы салымдарды "Достуктун" катарынан Астаркул Табышев, Эрсултан Айдаркан уулу жана Улан Насакеев таштады. Ал эми "Ала-Тоо" командасынан жалгыз улакты Манас Ниязов салды.
"Достук" командасы муну менен 2022-жылы экинчи ирет 3-орунду камсыздап жатат. Эске салсак, алар буга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн Нооруз турниринде да "Ала-Тоо" менен кез келген. Ал оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, буллиттер сериясында Манас Ниязовдун жаракат алып калгандыгына байланыштуу "Ала-Тоо" командасы оюнду улантуудан баш тартып, 3-орун "Достукка" ыйгарылган.