Бишкектеги ресторанда белгисиз адамдар индиялык студенттерди катуу сабады (видео)

Бишкекте үч белгисиз жаран Salaam namaste ресторанына кирип келип, ал жерде отурган чет элдик студенттерди катуу сабап салышты. Кол салуу учуру видеокамерага түшүп калган.

Чет элдик студенттер Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылышкан. Анда алар окуя 7-май күнү саат 23:00дөр чамасында болгонун билдиришкен. Алардын айтымында, студенттер ресторандын кире беришинде турган маалда аларга үч белгисиз адам келип, чыр чыгарган. Андан кийин студенттер ресторанга киргенде белгисиз адамдар артынан киришип, алдынан чыкканын сабап баштаган.

Чет элдик студенттер бул окуянын чоо-жайын териштирүүнү бийликтен суранышууда. Алардын айтымында, бул кол салуу биринчи учур эмес.

Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.

Бишкекте индиялык студенттер катуу сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан