Бүгүн, 9-май күнү Бишкектеги стадиондо ырчы Сыймык Бейшекеевдин концерти болууда.
Анда концерттик программа менен катар лотерея да ойнотулуп жатат. Лотереянын экинчи бөлүгүндө чаң соргуч, сыналгы, меш, термос жана 1 жумага Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо ойнотулду. Ал эми мындан кийинки бөлүгүндө лотереянын баш байгеси болгон батир ойнотулат.