Баткенде өткөн көк бөрү мелдешинде кимдер мыкты болду? (тизме)

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиш майрамына карата жана Сүймөнкул Чокморов, Үсөн Кудайбергенов, Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналган көк бөрү турнири жыйынтыкталды. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында өткөн ири спорттук иш-чара 9 күнгө созулду. Көк бөрү турнири бул жолу да 3 Лигада: Ардагерлер Лигасы (6 команда), Биринчи Лига (20 команда) жана Жогорку Лигада (6 команда) чемпиондук үчүн беттештер өткөрүлгөн. Бүгүн бардык оюндар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү жана мыкты оюнчу, мыкты аргымактарды сыйлоо аземи орун алды. Жалпы жыйынтык төмөнкүчө:

Ардагерлер Лигасы

1-орун: "Талас" командасы (100 миң сом);

2-орун: "Чүй" командасы (70 миң сом);

3-орун: "Ысык-Көл" командасы (50 миң сом);

Мыкты оюнчу: Улан Кыбыраев ("Талас");

Мыкты аргымак: Мальчик ("Чүй").

Биринчи Лига

1-орун: "Алай" командасы (200 миң сом);

2-орун: "Көк бөрү мектеби" (100 миң сом);

3-орун: "Өзгөн" командасы (70 миң сом);

Мыкты оюнчу: Баяман Муралим уулу ("Алай");

Мыкты аргымак: Аякс ("Көк бөрү мектеби").

Жогорку Лига

1-орун: "Сары-Өзөн" командасы (1 миллион сом);

2-орун: "Ынтымак" командасы (500 миң сом);

3-орун: "Достук" командасы (250 миң сом);

4-орун: "Ала-Тоо" командасы (125 миң сом);

5-орун: "Бакубат-Талас" командасы (70 миң сом);

6-орун: "Мурас" командасы (50 миң сом);

Мыкты оюнчу: Кубаныч Султан уулу ("Сары-Өзөн");

Мыкты аргымак: Каркыра ("Ынтымак").

Мындан тышкары мелдешке катышкан ар бир командага 20 миң сомдон байге тапшырылганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан