Бүгүн, 9-майда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза таап, дагы 4 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 13:15 чамасында Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында оң рулдуу Хонда-Степвагон унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, Хундай-Гетц унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хундай-Гетц унаасынын жүргүнчүсү, 1980-жылы туулган аял киши жеринде каза тапкан. Ал эми унаадагы 2 өспүрүм Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага, айдоочулар Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилген.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан, өзгөчө оң рулдуу унаа ээлеринен жол эрежесин так сактоону жана белгиленген ылдамдыктан ашырбай айдоону суранат.