реклама
super.kg logo

"Степвагон каршы тилкеге чыгып кеткен". Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

 

Бүгүн, 9-майда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза таап, дагы 4 адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 13:15 чамасында Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында оң рулдуу Хонда-Степвагон унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, Хундай-Гетц унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хундай-Гетц унаасынын жүргүнчүсү, 1980-жылы туулган аял киши жеринде каза тапкан. Ал эми унаадагы 2 өспүрүм Суусамыр өрөөнүндөгү ооруканага, айдоочулар Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан, өзгөчө оң рулдуу унаа ээлеринен жол эрежесин так сактоону жана белгиленген ылдамдыктан ашырбай айдоону суранат.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
09.05.2022. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
20-05-2022 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+18
Таксиден алып салыш керек оң рулдуу машиналарды!
10.05.2022. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
11-05-2022 19:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Baatirbek81,негизи АЛЛАХ сактасын Кыргызстандагы кырсыктар он рулдан эмес кобунчо эрежени билбегендиктен права сатылгандан
11.05.2022. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
837
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
20-05-2022 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdizhapar,Сен айдоочу болсон айтчы мага,он рулдуу машинада обгонго кантип чыгасын?Он рулдуу машиналарда каршы тилкедеги машина баары бир көрүнбөйт.
09.05.2022. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
20-05-2022 09:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен көрдүм бүгүн, жаиан болуптур (
10.05.2022. 08:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
17-11-2019
Соӊку аракети:
19-05-2022 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Romantik.,мен да коруп иий жургунчулору аман болсо экен деп дуа кылдым эле
10.05.2022. 06:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
20-05-2022 13:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
он урулдуу машыналарга чыкпаныздар
10.05.2022. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
957
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
20-05-2022 13:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал рулдан эмес рулдан эмес куноонун баары акча учун куну туну уктабай, жанталашкан таксисте. Россиядагыдай чектоо коюш керек убакыт менен иштетип
10.05.2022. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
19-05-2022 18:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
modem4999,Таксистер акча деп жанталышып уктабай жолдо журсо анан болот да, рулга шылтагандары кызык. Бир эле рулда куноо болсо жарасы женил, он рулдуу машиналарды айдаганга тыйуу салып коюпайбы.
11.05.2022. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
837
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
20-05-2022 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999,Сен оң рулдуу машинада кантип обгонго чыгасын?Айтчы ошону.Оң рулдуу машинада каршы тилкедеги машина көрүнбөйт.
10.05.2022. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1463
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2022 21:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Сосновка постундагы камера ошол жерден өткөн машинаны регистрация кылып, канча саатта Кара Көл постуна жеткенин аныкташ керек. Эгер 90км.сааттан эрте айдап барса штраф салыш керек. Өзгөчө такси айдагандарга.
10.05.2022. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1463
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2022 21:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппоңой система. Точка А менен точка Бнын ортосун аныктап, ылдамдыгын билип коюш. Аракет кылса эле боло турган система.
Жолдогу камералардан өткөндөн кийин кайра эле учуртуп айдашат да. Эгер эки точканын ортосун контролдосо оңой эле тизгиндеп койсо болот.
11.05.2022. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
837
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
20-05-2022 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,Ортодо тамактануучу жай болсо,тамак ичип алып кайра басып айдай беришет.Алыскы жолдо баары бир жолдон тамактанышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
190820;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: