УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен өзгөчө оор кылмышка шектелип 30-апрелден бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Кечээ, 9-майда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. аттуу адам кармалган.

Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү тургундарды коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп, Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан