Кызгалдак талаасындагы аялдардын мушташы: Милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө

Кечээ, 9-майда социалдык тармактарда Аламүдүн районунун аймагындагы талаалардын биринде аялдардын ортосундагы чырдашуу тартылган видео жарыяланган.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, окуя Теплые ключи унаа жолунун 18-чакырымында Таш-Мойнок айылына жакын жерде болгон.

Аталган жердин ээси 1976-жылы туулган Ж.Т. сурак учурунда анын талаасында мушташкан окуяны кошуналарынан укканын айткан. Ошондой эле видеодогу эркек бул аялдарды тааныбай тургандыгын билдирген. Бул факты электрондук маалымат журналына катталган.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында бул окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары Аламүдүн районунун ички иштер органдарына ден соолукка залал келтирүү фактысы боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан