Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-майда Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. аттуу адам арыз менен кайрылган. Анда короодогу атын ээр токуму менен уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делинип 2002-жылы туулган А.Ы. аттуу адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Уурдалган ат ээсине кайтарылган.