Майк Тайсон Сауль Альвареске Токмокто төрөлгөн мушкерди кантип жеңиш керектигин айтты

Оор салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы талашсыз чемпиону Майк Тайсон Дмитрий Бивол менен болгон беттеште мексикалык Сауль Альварестин жеңилишине эмне себеп болгонун айтып берди. Билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Эгер Канело өзүнүн джебин (бокста сокку уруунун негизги түрлөрүнүн бири) эффективдүү жана катуу колдонгондо бул жигит ага жакындай алмак эмес. Ал Канелонун джеби ага таасир берберин билбегенден кийин жакындай баштады. Ошентип ал агрессивдүү, тайманбастык менен аракет кыла баштады. Эгерде Канело джебин оңдобосо бул жигит буга чейинкидей дагы маңдайына келет. Канело, кийинки беттеште джебиңди оңдосоң, башкача беттеш болот", - деп жазды Тайсон.

Дмитрий Бивол менен Сауль Альварестин беттеши 8-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү. 12 бөлүккө созулган беттеште Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан