Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу расмий сайтында "Боруссия Дортмунд" клубунун жана Норвегия улуттук курама командасынын чабуулчусу Эрлинг Холанд менен келишим түзүлгөнүн жарыялады.
Англиялык клуб "Боруссия Дортмунд" менен футболчунун трансфери тууралуу принципиалдуу макулдашууга жетишкен. Норвегиялык футболчу 2022-жылдын 1-июлунда "Манчестер Ситиге" келип кошулуп, кийинки сезондон баштап командада ойнойт.
Эске салсак, Холанд "Боруссия Дортмунд" менен 2020-жылдын башында келишим түзгөн. Ал германиялык клубга "Зальцбургдан" 20 миллион еврого өткөн. "Боруссия2 үчүн Холанд 88 оюнда 85 гол киргизип, 23 жолу голдук пас чыгарып берген.
"Манчестер Сити" клубу Англия Премьер-Лигасында жалпы 86 упай топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунда келе жатат.