Чүй облусунун Аламүдүн районунда коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинде (коррупция) каралган кылмышты жасоого шектелип, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы 1978-жылы туулган Н.К. аттуу жаран кармалган.
"Алдамчылык, документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече жарандар ички иштер органдарына Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Шектүү алардын ишенимине кирип, айыл өкмөттөгү башка кызматкерлер менен чогуу жер тилкесин берүүнү убадалап, акча каражаттарын, айрым учурда автоунааларды алышкан", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.
Ошол эле учурда мурда көрсөтүлгөн фактылар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр кармалган:
Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1974-жылы туулган К.А., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси 39-337-беренесинде каралган (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) жана 379-беренесинде (Документтерди жасалмалоо) жана 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштарга шектелип;
1963-жылы туулган Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери К.А., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча 39-337 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) боюнча шектелип;
- Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 1960-жылы туулган Д.Ю., дагы кылмышка шектүү делип Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу) боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн бул материалы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.