"Сөзсүз барам". Дмитрий Бивол кыргыз элине жана Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди

Бокс боюнча орто жеңил салмактагы жеңилбес чемпион Дмитрий Бивол сенсациялуу жеңишинен кийин колдоп жаткан кыргыз элине жана өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.

"Бүгүн мен кыргыз элине ыраазычылыгымды жана урмат-сыйымды билдиргим келет. Мен дал ошол Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алектене баштагам. Бокстогу карьерамда кыргызстандык мекендештердин колдоосун сезип келем. Мага көңүл буруп, куттуктаганы үчүн президент Жапаров Садыр Нуркожоевичке өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Мен мекендештериме сөз берем, мүмкүн болушунча тезирээк Кыргызстанга сөзсүз барам жана бул дүйнөдөгү сапарым башталган жерге таазим этем", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Дмитрий Бивол.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Токмок шаарында төрөлгөн мушкер Дмитрий Биволду атактуу Сауль Канело Альварести жеңип алгандыгына байланыштуу куттуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан