Чүй облусунун Кемин районунда “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-мартта Кемин РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталган.
Анда Фейсбук социалдык түйүнүн колдонгон жарандын баракчасында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеологиялары бар экендиги аныкталган. Бул факты боюнча Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу негизинде иш козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган М.М. аттуу адам кармалган.
Иш боюнча тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кароо үчүн сот органдарына жиберилген.