Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда “Кыргыздын салттуу элечеги” аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Мамлекеттик тарых музейинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Элечек” долбоору өз ишин "Кристенсен" фондунун колдоосунда 2013-жылдын январь айынан баштаган. Бул долбоор кыргыз айымдарынын улуттук баш кийими болгон элечекти калыптандырууга багытталган.
Көргөзмөдө Мамлекеттик кинофотофоно архивдеги жана КРнын Мамлекеттик тарых музейинин фондундагы тарыхый сүрөттөр, экспонаттар коюлат.
Мындан сырткары аталган долбоордун алкагында даярдалган элечектин түрлөрү коюлат. Бул элечектер Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Тажикстандын Мургаб районунан чогултулган тарыхый-этнографиялык изилдөөнүн материалдарынын негизинде жасалган.
12-декабрга чейин боло турган көргөзмөнүн ачылышында “Элечек” долбоорунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган китептин бет ачары болот.