Чүй облусунда батирге уурулукка кирип, ири суммадагы акча каражатын уурдап кеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү Сокулук РИИБине Н.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жазган арызында белгисиз жарандар Сокулук районундагы батирине кирип, 1000 долларын, 15 миң сом акчасын, Леново үлгүсүндөгү телефонун жана күмүш зер буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Уурдалган буюмдардын жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн.
Арыз ээси билдиргендей, уурулук жасап жаткан учурда батирге үй ээсинин жашы жете элек кызы кирип келген. Кылмышка шектүүлөр кыздын көзүнө химиялык зат чачып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча 207-беренеге ылайык (каракчылык) кылмыш иши козголгон. ИИМдин Сокулук РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 3 адамдан турган кылмыштуу топ кармалганы маалым болду. Алар 1987-жылы туулган Ж.Б (Чүй облусунун тургуну), 1962-жылы туулган Б.В (Чүй облусунун тургуну) жана 1996-жылы туулган А.Ж (Ысык-Көл облусунун тургуну). Кылмышка шектүү 3 жаран тең мурда соттолгону кабарланды.
Учурда алар Сокулук РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иши жүргүзүлүп жатканы айтылды.