Бишкекте жаранды бычак колдонуп тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 30-апрель күнү милицияга М.М. аттуу жаран кайрылган. Анда ал бир нече күн мурун анын унаасында бир топ жаштар аны бычак жана күч колдонуу менен коркутуп, 5 миң сомдук Редми уюлдук телефонун жана 15 миң сомдук Леново үлгүсүндөгү ноутбугун алып кетишкенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ю.С., 1998-жылы туулган Б.Б., 1997-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.