Ош. 1-декабрь-СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата спектакль коюлат

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында эртең, 29-ноябрда ВИЧ инфекциясы тууралуу “Илдет” аттуу спектакль коюлат. Бул тууралуу облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун дарыгери Жыргал Нажиманов билдирди.

Аталган спектаклди коюунун негизги максаты, жаштар арасында бул оорунун алдын алуу болуп саналат. Спектаклге шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери күбө боло алышат. Буга чейин аталган спектакль облустун Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун жаштарына тартууланган.

Аталган иш-чара 1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өтөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан