"Сөөктөр таза". Укмуштуудай нокаутка түшүп калган Тони Фергюсон ооруканадагы сүрөтүн жарыялады

Америкалык мушкер Тони Фергюсон UFC 274 турниринде нокаут абалына түшүп калгандан кийин ооруканадан түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Бардык сөөктөр таза", - деп жазды сүрөттүн астына мушкер.

Эске салсак, 8-майда АКШнын Финикс шаарында UFC 274 турнири болуп өткөн.

Анда жеңил салмакта белгилүү америкалык мушкер Тони Фергюсон менен дагы бир америкалык мушкер Майкл Чендлер кез келген. Беттештин биринчи бөлүгүндө Тони Фергюсон атаандашын нокдаунга учуратса, экинчи бөлүк башталары менен өзү укмуштуудай нокаутка учураган.

Тони Фергюсон укмуштуудай нокаутка түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан