Бишкекте 120 айып пулу бар Lexus 470 унаасы аныкталды. Унаанын ээси чет өлкөгө чыгып кеткен (фото)

Бишкек шаарында 120 айып пулу бар Lexus 470 унаасы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Lexus LX470 үлгүсүндөгү автоунаанын 1947-жылы туулган Э.Ш. аттуу айдоочусу кайгуул кызматкерлери тарабынан аныкталып, алынып келинген. Базадан текшерген учурда унаанын төлөнбөгөн 120 айып пулдары бар экендиги аныкталган. Ошонун ичинен болгону бирөөсү гана унаанын ээсинин дарегине жеткирилип, 3000 сомго жазылган айып пул кошумча туум менен 6000 сом болгон. 14 айып пулу жазылган арыздын негизинде жокко чыгарылып, токтотулган.

Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ылайык, төлөнбөгөн айып пулдар 10 000 сомдон ашкан учурда гана унаа башкаруудан четтетилет. Ошондуктан унааны убактылуу айып короо жайына токтотууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Калган айып пулдары унаанын менчик ээсине жете элек.

"Бүгүнкү күндө ушул унаанын менчик ээси алдын ала маалыматтар боюнча чет өлкөгө чыгып кетип, жашаган дарегин алмаштыргандыгына байланыштуу ошонун наамындагы айып пулдарды анын дарегине жеткирүү мүмкүн болбой жатат. Мыйзамга ылайык азыркы айдап жүргөн айдоочу эмес, менчик ээсин гана автоунаа башкаруудан четтетүүгө болот.

Ошол себептүү азыркы учурда жетекчилик тарабынан менчик ээсинин туугандарын таап, менчик ээсине салынган айып пулдарды туугандарына жеткирүү тапшырмасы коюлду. Айып пулдар туугандарынын дарегине жеткенден кийин да төлөнбөсө, Укук бузуулар кодексинин 563-берененин 1-бөлүмүнө ылайык, бир ай убакыт өткөндөн кийин, авто унааны башкаруудан четтетүүгө мүмкүнчүлүк болот", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан