Ысык-Көл районунун Бостери айылында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга аймактык ооруканада 44 жаштагы С.Т. аттуу жаран оор абалда ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Кылмышка шектүүнү сурак жүргүзүү учурунда 2022-жылдын 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.