Аксыда эки унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп, 13 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 13-майда таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун 13-чакырымында ВАЗ 2106 жана Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 бала) ар кандай жаракат алышкан.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар Аксы райондук ооруканасына жеткирилген.