Бишкекте каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кайгуул кызматына 1986-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 11-майда саат 03:40 чамасында арыз ээсин белгисиз жарандар бычак менен коркуткан. Ошондой эле Редми-2 үлгүсүндөгү телефонун, курулушка керектелүүчү инструменттерин жана 1800 сом акчасын коркутуу жолу менен алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин жазган.
Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Э. жана 1988-жылы туулган У.Б. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.