Бишкектеги сейил бакта 48 жаштагы жаран даракта асылып турган абалда табылды

Бишкектеги сейил бакта 48 жаштагы жаран даракта асылып турган абалда табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИББине Ганди көчөсүнүн боюнда жайгашкан Сорока сейил багынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери чакыруу болгон жерге барышып, даракта асылып турган кебетеси азиялык болгон адамдын жансыз денесин табышкан. Ал 1974-жылы туулган М.М. аттуу жаран болуп чыккан.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан