Кыргыз жигиттеринин "Мy name is" ролиги "Евровидение" сынагынын ачылышында жаңырды

Кыргыз жигиттеринен түзүлгөн "D Billions" музыкалык тобунун "Мy name is" чыгармасы "Евровидение" сынагынын ачылышында жаңырды.

Салт боюнча Италия 2021-жылкы сынакты жеңгенден кийин дароо эле 2022-жылы "Евровидение сынагын өткөрүү укугун алган. Турин шаарында өтүп жаткан музыкалык сынактын ачылышында кыргыз жигиттеринен түзүлгөн "D Billions" музыкалык тобунун "Мy name is" чыгармасы жаңырды. Чыгарманы чет элдик аткаруучулар аткарып чыгышты.
Сынактын биринчи жана экинчи жарым финалы 10-12-майда өттү. Эми финал 14-майда болот. Музыкалык сынакка 40 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, "D-Billions" чыгармачыл тобунун YouTube'да 12 миллиондон ашык катталуучусу жана 11 миллиард көрүүлөрү бар. "D-Billions" ар кандай темада балдардын ырларын аткарган жана анын мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарган музыкалык топ. Чыгармачыл топ мектепке чейинки балдар үчүн ырларды жана көңүл ачуучу, таанып-билүүчү видеолорду чыгарат.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан