Чаткалда сайдан орто жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы Касан-Сай сайынын ичинен 45 жаштагы Э.Ж. аттуу кишинин жансыз денеси табылган.
Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3 куткаруучусу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн суудан чыгырып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.