Бишкекке жакын айланма жолдо жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ымыркайлардын жансыз денелери кечээ, 12-майда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 12-чакырымындагы (Дордой-2 жаңы конушу) көпүрөнүн астынан табылган.
Учурда бул боюнча бардык экспертизалар дайындалды.