реклама
super.kg logo

ТЕСТ: "Ак кеме" повести тууралуу эмнелерди билесиз?

 

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дүйнө элдери сүйүп окуп келишет. Чыңгыз Айтматовду кыргызды дүйнөгө тааныткан жазуучу деп жаңылбай айта алабыз. Айтматовдун "Ак кеме" аттуу повести жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Повесттеги "балык" болуп сууга агып кеткен баланын образы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат. Биз бул ирет Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести тууралуу тест даярдадык. Анда күчүңүздү сынап көрүңүз.


кошулду



aksia550_3


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестиндеги башкы каарман баланын ысымы?

"Ак кеме" повестинде башкы каарман баланын аты аталбайт. Ага "бала"деп кайрылышат.

Кийинки суроо


Нургазы
Амантур
Анатай
Аты жок: бала.

"Ак кеме" повестинде окуялар кайсы жерде баяндалат?

"Ак кеме" повестинде окуялар токойчулардын кордонунда баяндалат.

Кийинки суроо


Токой-Төш планетасында
Ак кеменин ичинде
Токойчулардын кордонунда
Арал деңизинин жээгинде

Чыңгыз Айтматов "Ак кеме" повестинде өзүнүн автордук концепциясын элдик кайсы легенда аркылуу берген?

Чыңгыз Айтматов "Ак кеме" повестинде өзүнүн автордук концепциясын "Бугу эне" элдик легендасы аркылуу берген.

Кийинки суроо


Бугу эне
Маңкурт
Сары-Өзөктөгү өлүм
Раймаалы менен Бегимай

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин алгачкы аталышы?

"Ак кеме" повестинин алгачкы аталышы "Жомоктон кийин" болгон.

Кийинки суроо


Ак кеме
Жомоктон кийин
Аруу дүйнө
Баланын арманы

"Ак кеме" повестиндеги бала "Ак кемеге" жолукканда эмне деп кыйкырат?

Бала ак кемени көргөндө "Арыба, сүзгөн Ак кеме, мен келдим!" деп кыйкырат.

Кийинки суроо


Ак кеме, атамды көрсөтчү!
Ак кеме, деги атам аманбы?
Арыба, сүзгөн Ак кеме, мен келдим!
Ак кеме, мени атама ала кетчи!

"Ак кеме" повестинде Бугу-Эне канча айры мүйүздүү деп сүрөттөлөт?

Чыгармада Бугу-Эне 18 айры мүйүздүү деп аталат.

Кийинки суроо


20
15
10
18

"Ак кеме" повестинде Чотбайдын уулу Кулубек бала менен коштошуп жатып эмнени белекке берет?

"Ак кеме" повестинде Чотбайдын уулу Кулубек бала менен коштошуп жатып ага аскердик значогун белекке берет.

Кийинки суроо


Колундагы саатын
Камчысын
Үстүндөгү шинелин
Аскердик значогун

"Ак кеме" повестиндеги иттин аты?

"Ак кеме" повестиндеги иттин аты Балтек.

Кийинки суроо


Кумайык
Балтек
Жолборс
Акжолтой

Чыгармада Орозкул кудайдан эмнени тилеген?

Чыгармада Орозкул кудайдан балалуу болууну тилейт.

Кийинки суроо


Байлыкты
Балалуу болууну
Кызматты
Токой башкармалыгынын ордун

"Ак кеме" повестиндеги Момундун канча баласы болгон?

Момун чалдын бир уулу, эки кызы болгон.

Кийинки суроо


Бир уул, үч кызы
Бир уул, эки кызы
Эки уул, эки кызы
Эки уул, бир кызы

Чыңгыз Айтматовго повесттин аталышын "Ак кеме" деп ким сунуштаган?

Чыңгыз Айтматовго повесттин аталышын "Ак кеме" деп Твардовский сунуштаган.

Кийинки суроо


Т. Сыдыкбеков
Бальзак
Твардовский
Ауэзов

"Ак кеме" повести кандай сыйлыкка ээ болгон?

"Ак кеме" повести СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

Кийинки суроо


Токтогул атындагы сыйлыкка
"Ак шумкар" атындагы сыйлыкка
СССРдин мамлекеттик сыйлыгына
"Кызыл Кыргызстан" сыйлыгына

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(17)
14.05.2022. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-11-2019
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандайча баланын аты жок. Баланы Нургазы деп чакырышатко.
14.05.2022. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
18-06-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 16:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sancho-, Нургазы деп кинодо аташат. Бирок чыгармада баланын аты аталбайт!
15.05.2022. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
26-05-2022 14:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Sancho-,китеп оку
14.05.2022. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-11-2019
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
84 упай. 10 туура 2 ката
15.05.2022. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-12-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 12:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Sancho-,ьс55ц
14.05.2022. 01:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
09-03-2022
Соӊку аракети:
22-05-2022 12:38
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тест тузгонду даа тыныраак билишпейт нургазы деп эле чакыратго
14.05.2022. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
18-06-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeku-1995,кинодо аты Нургазы деп аталат.Бирок чыгарманын озундо баланын аты аталбайт.
15.05.2022. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
26-05-2022 14:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Jeku-1995,мээн иштетип анан бироого сын так
14.05.2022. 03:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
630
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
28-05-2022 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
-2
Тасмада Нургазы деп чакырып коюшкан, китепте жок аты жон бала деп жазылат го
14.05.2022. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1447
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону жакшы көргөнү менен эс нерсе билбейт экем туура жооп 5
42 балл уят эле
14.05.2022. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
04-06-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 22:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
34 бал ураа!
4 туура жооп
8 ката, жалпы суроо 12
14.05.2022. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
25-05-2022 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кербен
+1
50 упай
14.05.2022. 14:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
06-06-2016
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
34 упай уят эле.
14.05.2022. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1563
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
28-05-2022 05:55
Жынысы:
Белгисиз
0
92 упай
14.05.2022. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
302
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
100 пайыз туура таптым
14.05.2022. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
21-08-2015
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
42
15.05.2022. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
26-05-2022 14:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Китебин окубай эле сайрай берипсинер нургазы нургазы деп. Китебинде баланын аты жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: