Милиция кызматкерлери "Чынар" базарында адашып жүргөн үч жаштагы кызды үйүнө жеткиришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн үч жаштагы кыздын үйүн таап, жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 12-майда болжол менен саат 14:15 чамасында "102" кызматынан "Чынар" базарында кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда үч жаштагы кыз базарда адашып жүргөндүгү аныкталган.

"Кайгуул кызматкерлери наристе кызды кызматтык унаага салып, жашаган дарегин аныктап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген", - деп билдиришти Кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан