Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов көчөсүндө токтоп турган унаанын терезесин эч себепсиз талкалап качып кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү болжол менен саат 00:20 чамасында “102” кызматына Дайыр Асанов көчөсүндө токтоп турган автоунаанын терезелерин талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барганда, 1992-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол даректе токтоп турган КИА үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелерин белгисиз жаран себепсиз талкалап, белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген.
"Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.Э. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын тергөө кызматына андан ара тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.