Азия Кубогуна тандоо туру үчүн чүчү-кулак кармалды. "Ак шумкарлар" кимдер менен ойнойт?

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) штаб-квартирасында 2023-жылы боло турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндары үчүн чүчү-кулак кармалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Чүчү-кулактын жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы "F" тайпасына түшүп, андагы Тажикстан, Сингапур жана Мьянма командалары менен мөөрөй талашмай болду. "F" тайпасындагы беттештер ушул жылы Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8-11 жана 14-июнь күндөрү орун алат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу АФКнын жетекчилигинде 4 жылда бир өткөрүлө турган ири футбол турнири. Ага Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин улуттук курама командалары катышат. Кыргызстан акыркы жолу 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүлгөн Азия Кубогунда мыкты көрсөткүч көрсөткөн. Анда улуттук курама командабыз тайпалык баскычтан суурулуп чыгып, 1/8 финалдык баскычта үй ээлери БАЭ менен күч сынашкан. Аталган беттеш, тилекке каршы, 3:2 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан