Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Восток айылында белгисиз жаран милиция кызматкерине кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББине байланышканыбызда билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 4-майда саат 2:00 чамасында Свердлов РИИБинин улук тескөөчүсү Т.А. арыз менен кайрылган. Анда 13-майда саат 23:00 чамасында Восток айылындагы көчөлөрдүн биринде кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран эч кандай себепсиз арт жактан чуркап келип, белгисиз нерсе менен башына уруп, денесине зыян келтирип белгисиз тарапка качып кеткенин айткан. Ошондой эле ага карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине (бейбаштык) беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда шектүүнү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.