Караколдо 28 жаштагы жаран аялын кызганычтан улам аёосуз сабап салды (фото)

Ысык-Көлдө 28 жаштагы жаран аялын аёосуз токмоктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда аялды 1993-жылы туулган Р.У. аттуу күйөөсү сабаганы маалым болгон. Жабырлануучунун айтымында, 14-май күнү саат 00:30 чамасында үйдүн короосунда күйөөсү кызганычтан улам сабап салган. Келтирилген ден соолуктун оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилген. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан