14 жаштагы кызды көп жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-майда Сокулук РИИБине 2008-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөн өгөй атага чара көрүү өтүнүчү боюнча М.Ч. аттуу жарандан арыз түшкөн. Анда өгөй атасы кызын көп жылдар бою зордуктап келгени айтылган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин "зордуктоо" негизинде катталган.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, сурак учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, жыныстык катнашка кыздын өзүнүн макулдугу менен барганын билдирген. Кыздын апасы кызын май майрамдарында тууганынын үйүнө калтырып кеткен. Ошондо кыз эжесине окуянын баарын айтып берген. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Бардык жагдайлар милиция кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.