Ырчы Мурадил Данияров сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул жаңылыгын ал социалдык баракчасы аркылуу бөлүштү.
"Сүйүнчү, туугандар. Жакында той. Эрке балаңар сүйүүсүн тапты", - деп билдирүү калтырган.
Ырча мырза бул тууралуу SUPER.KG порталына сүйүктүүсүнүн колун мурда эле сураганын, видеону эми жүктөгөнүн билдирди. Ал учурда Москва шаарында экенин айтып, Бишкекке келгенде толугураак маалымат берерин кошумчалады.