Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу издөөдө жүргөн адам кармалды

Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыялап, жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө жүргүзүү боюнча материал түшкөн. Издөөгө алынган жаран 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Бул факты Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.
2022-жылдын 16-майында көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У. кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан