Кылмышты жашыруу максатында УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жаран колго түшүрүлдү

Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген минералдык жүк кармалды. Жүктүн ээси фактыны жашыруу максатында УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 12-майда Ош облусунун Ноокат районунун тургуну коңшу мамлекеттен өлкө аймагына контрабандалык жол менен 25 тонна минералдык жер семирткич алып келе жаткан. Жүк Кадамжай шаарынын аймагында кармалган.

"Жүктүн ээси жер семирткичтер контрабандалык жол менен ташылып келгендигин моюнга алып, бул фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМКнын кызматкерине акчалай каражатты сунуштай баштаган. Бул факты 345-беренеде (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ошол эле күнү жүктүн ээси кызматкерге 200 миң сом акча берип жаткан учурда кармалды. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан