Ошто уюлдук телефондорду уурдап жүргөнгө шектүү кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүүнүн жанынан 20дан ашуун телефон табылган.
Билдирүүгө ылайык, 13-майда 28 жаштагы келиндин телефонун жана сумкасын уурдай качкан жаран изи сууй электе колго түшүрүлгөн. Шектүү 1985-жылы туулган У.М. экени, ал Ош шаарында убактылуу жашап турганы аныкталган.
"Шектүүнү кармоо учурунда келиндин телефонунан тышкары дагы 24 смартфон табылган. Ал уурулукту Ош жана Бишкек шаарларында ишке ашырып жүргөнүн моюнга алып, телефондорду коӊшу өлкөгө сатуу ниети болгонун билдирген.
Учурда шектүүнүн үстүнөн 209-берененин (алдамчылык) белгилери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн коңшу өлкөлөргө уурдалган телефондорду сатуу схемасын, башка кылмыштуу шериктеринин аты-жөнүн аныктоо боюнча ыкчам иштер аткарылууда", - дешет басма сөз кызматынан.
Кимде-ким сүрөттөгү жарандан жабыр тартса 102 же 0556-04-04-00 номерлери аркылуу байланышып коюуну милиция кызматкерлери суранат.