Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады

Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-майда болжол менен саат 10:52 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Урицкий көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1959-жылы туулган Д.И. аттуу аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

"Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Г.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан