Бишкекте КамАЗ, Фит жана маршруттук унаа кагышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 16:20 чамасында Ахунбаев көчөсүндө болгон. Анда оор жүк ташуучу КамАЗ, Хонда Фит жана №106 маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча 5 жаран жабыркаган.
Учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.