Бүгүн, 16-майда Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министр Азамат Жаманкулов, Кыргыз эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев манасчы, дастанчы төкмө акындар жана акындын айылдаштары менен бир катар маданият ишмерлери катышты.
Анда акындын чыгармачылыгына саресеп салынып, бүгүнкү күндө Байдылда Сарногоевдин ырлары өз актуалдуулугун жоготпой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.
Акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.