Бишкекте 11 адам жабыркаган жол кырсыгы болду

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 11 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагылышкан. Анда DАF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, Honda Fit жана Mercedes-Benz Sprinter жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 11 киши ар кандай жаракат алышкан.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар Honda Fit унаасынын ичинде кыпчылып калган аялды чыгарышкан жана жабыркаган жарандарга биринчи тез жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан