Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектепте окуу учурунда мектептин шыбы урап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Терек-Сай айылындагы №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу бөлмөсүнүн шыбы урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык каттаган жерге Чаткал райондук 3 куткаруучу тартылып, натыйжада 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылган. Жабыркагандар Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кошумча маалымат берилет.