Петровкадагы жазаларды аткаруу мекемесине тыюу салынган заттарды киргизүү аракетине бөгөт коюлду

Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 жазаларды аткаруу мекемесине тыюу салынган каражаттарды киргизүүгө аракет кылуу фактысына бөгөт коюулду. Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашкандай, 22 жаштагы жаран мекеменин тосмосунун жанынан кармалды.

"Анын Ауди үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда 9,05 литр суюктук куюлган идиштер табылган, анын так курамын аныктоо үчүн тийиштүү адистерге жөнөтүлдү. Аталган факты боюнча оперативдүү бөлүм тарабынан тиешелүү документтер топтолуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан