Бишкекте шаар тургунун түн ичинде тоноп кеткендер аныкталды

Бишкекте түн ичинде шаар тургунун тоноп кеткенге шектүүлөр колго түшүрүлдү. Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя 13-майга караган түндө катталган.

Арыз ээси көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдар аны коркутуп, физикалык күч колдонуу менен Айфон телефонун, сумкасын жана кол саатын тоноп кеткенин айткан. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 206-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1999-жылы туулган А.Е. жана 2002-жылы туулган А.Х. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогун аныктоо иштери улантылып жатат. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуңуздарды өтүнөбүз", - дешет милиция бөлүмүнөн.

Байланыш номерлери: 0 553 73-77-44, 0 707 07-88-33, 0 312 43-28-15 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан