Бишкекте токтоп турган Мерседестин тетиктерин чыгарып кеткенге шектүүлөр кармалды (фото)

Бишкекте унаанын тетиктерин уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурун Свердлов РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, унаасынын тетиктерин уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу арызда белгилегендей, 14-май күнү түнкү саат 02:00-05:00 аралыгында белгисиз жарандар унаа токтотуучу жайда токтоп турган унаасынын тетиктерин чыгарып, уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча 205-беренеге ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголгон. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган М.А жана 2005-жылы туулган Д.А аттуу эки жаран кармалганы маалым болду.

Учурда кылмышка шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан