Кадамжайда оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөндөр кармалды

Кадамжайда оор жүк ташуучу фуралардын аккумуляторлорун уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурда Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну үйүнүн алдында токтоп турган КамАЗ жана фуранын 2 даана аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу жазган арызында 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык зыян тартканын белгилеген.

Аталган факты боюнча 205-беренеге ылайык (уурдоо) кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери башталган.

Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, ошол эле айылдын 37 жаштагы С.Р аттуу тургуну (мурда соттолгон) жана Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 27 жаштагы А.А аттуу тургуну кармалган.

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми уурдалган аккумуляторлор өз ээсине кайтарылып берилгени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан